Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Казак-өзбек чек арасында да автоунаалар өтө албай турушат


Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрмө бекеттердин бири.
Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрмө бекеттердин бири.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Казыгурт» бажы бекетинде жүк ташыган автоунаалар топтолуп өтө албай турушат.

Атын атагысы келбеген айдоочулардын бири «Азаттыктын» казак кызматына кезектин пайда болгонуна кеминде бир жума өткөнүн айтып берди.

«Чек арада кезекте турганыма үч күн болду. Бул жерде алты, ал түгүл 10 күндөн бери жүргөндөр бар. «Капланбек» да толгон» - деди айдоочу.

Азырынча «Капланбек» өткөрмө бекетиндеги абалды тактоого мүмкүн боло элек.

Казакстандагы Түркстан облусунун Мамлекеттик кирешелер департаментинин өкүлү Марат Кулекеев автоунаалар бажы бекетинен жай өтүп жатканын ырастады. Ал муну өзбек тараптагы жолдун оңдолуп жатканына байланыштырды.

«Бир жумадан өттү. Өзбекстандын аймагында жол оңдоо иштери жүрүп жатат», - дейт Кулекеев.

19-марттан бери кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» бекетинде да автоунаалардын өтүшү кыйындап, ушу тапта ал жерде 240ка жакын жүк тарткан автоунаа топтолуп турат.

XS
SM
MD
LG