Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Ысык-Көлдө автокырсыктан бир үй-бүлөдөн төрт киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы - Ананьев - Каракол жолунун 84-чакырымында болгон автокырсыктан төрт киши мерт болду. Кырсык саат 00:30 чамасында болгон.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун 42 жаштагы тургуну К.М. айдап бараткан «Фольксваген-Гольф-3» автоунаасы чыгыштан батышты көздөй баратып «Тойота-Ист» унаасы менен кагышкан. Экинчи автоунааны Түп районунун 56 жаштагы тургуну Д.Ш. айдап бараткан.

Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден төрт киши көз жумган. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, «Фольксваген-Гольф-3» автоунаасынын айдоочусу, анын аялы, үч жана беш жаштагы уулдары болгон.

Бул автоунаадагы башка жүргүнчүлөр — 37 жаштагы К.М. жана айдоочунун алты жаштагы кызы Ысык-Көл райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ошондой эле «Тойота-Ист» автоунаасынын жүргүнчүсү Б.З. ооруканада дарыланууда.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар да дайындалган. (AsM)

XS
SM
MD
LG