Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Президент апрель окуясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койду

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жарлыкта «элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуш үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты», - деп жазылат.

Ошондой эле Апрель революциясынын мааракелик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында токтом чыгарылганы белгиленген.

Анын алкагында Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чаралар өткөрүлөт. Бул жарлыктын аткарылышын президенттин аппаратынын жетекчиси көзөмөлдөйт.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев дайындалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG