Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Казакстан кыргыз өкмөтүнүн дооматын четке какты


«Ак-Тилек - Автожолдо» кезек күткөндөр.
«Ак-Тилек - Автожолдо» кезек күткөндөр.

Казакстандын бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мыйзамдарын сактап жатканын, ошол эле учурда товар ташууда эрежелерди сактоону талап кыларын билдирди. Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов бул тууралуу 5-апрелдеги басма сөз жыйынында айтты.

Рахимов «товар Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда салыктар да Казакстанда төлөнүшү керек» деп жатат. Ошол эле учурда ал «транзит аркылуу Орусияга өтөт» деген кээ бир товарлар Казакстандын базарында калып жатканын белгилөөдө.

- Кыйыр салык алуу маселеси анык, абдан чоң жана чечилбей калып жатат. Экинчи жагдай товар-транспорттук документтерге байланыштуу. Ал жерде бир товар көрсөтүлөт, аныгында башка товар. Саны, баасы, көлөмү азайтылып көрсөтүлүүдө, - дейт Рахимов.

Андан мурдараак, жума күнү Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен чек арадагы кырдаалды үч сыйра талкуулаганын билдирген.

Абылгазиев казак тараптан ЕАЭБдин келишимдерин аткарууну талап кыларын да кошумчалаган.

«Биз макулдашууга жетиштик, жыйынтыгын жакынкы күндөрү көрүшүбүз керек», - деген эле өкмөт башчысы.

Кыргыз-казак «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде 19-марттан тартып текшерүү күчөп, жүк ташуучу автоунаалардын өтүшү кескин солгундаган. Ошондон бери бекетте күн сайын 200-240 автоунаа кезекте турат.

XS
SM
MD
LG