Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Мамлекеттик ипотекалык компания 4,6 млрд. сомдон ашык насыя берди


Сооронбай Жээнбеков Бактыбек Шамкеевди кабыл алган учур. 5-апрель, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Бактыбек Шамкеевди кабыл алган учур. 5-апрель, 2019-жыл.

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) 1-апрелге карата 14 банк аркылуу 4,6 млрд. сомдон ашык 4080 насыя берди. Натыйжада 16 миңге жакын жаран турак жай менен камсыз болду.

Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9 пайызга кыскартылган, аны алты пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев бүгүн, 5-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда айтты.

Анда Сооронбай Жээнбеков сырттан инвестицияларды тартууну, ошондой эле кошумча каражаттардын эсебинен бюджеттик ссуданы көбөйтүүнү сунуш кылды.

Маалыматка ылайык, Немис өнүктүрүү банкы менен Финансы министрлигинин ортосунда 20 млн. еврого келишимдер түзүлүп, алар Кыргызстандагы ипотекалык насыялоону колдоого багытталат. Андан тышкары Азия өнүктүрүү банкы менен 30 млн. евролук келишимдерге кол коюуга даярдык көрүлүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG