Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Кургак учукка каршы беш жылдык долбоордун жыйынтыгы чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кургак учуктан өлүмгө дуушар болуунун саны соңку беш жылда 26% кыскарды. Бул тууралуу 5-апрелде Бишкекте “Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөшүүдөгү беш жылдык жетишкендиктер” конференциясында айтылды.

Ошону менен катар бул ооруга чалдыгуу учурлары 13% кыскарганы маалым болду.

Мындай жетишкендиктер АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен Кыргызстанда ишке ашкан “Кургак учукту жеңебиз” жана “Кургак учукка чакырык” долбоорлорунун алкагында мүмкүн болду.

Кургак учукка каршы кызматты оптималдаштыруу аркылуу 19 млн сомдон ашуун каражат үнөмдөлүп, сапатын жогорулатуу максатында биринчи деңгээлдеги медициналык мекемелердин потенциалы күчөтүлүүдө.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG