Орусия менен Тажикстан жакынкы күндөрдө миграция тармагында жаңы келишим түзүшөт. Бул тууралуу Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди.
Документтерге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 17-апрелдеги расмий сапарынын алкагында кол коюлганы турат. Өз сапарында Тажикстандын президенти Орусияны президенти менен жолугушат.
Лякин-Фроловдун айтымында, орусиялык мекеме-ишканаларга эмгек мигранттарын кабыл алуу, Орусиянын Тажикстандагы миграция өкүлчүлүгү менен Тажикстандын Орусиядагы миграциялык өкүлчүлүгүнүн юридикалык макамдары жөнүндөгү документтерге кол коюлат.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул документтердин топтому миграцияны толугу менен көмүскөдөн алып чыгууга, эмгек мигранттарына шарт түзүүгө багытталганын билдирген.
Маалыматтарга караганда, жумушчуларды сураган орус иш берүүчүлөрү мигранттардын документтерин бүткөрүүнү өз мойнуна алышат. Тажик бийлиги өз жарандарына Орусиядан иш таап берүүгө көмөктөшүп, келишим бүткөн соң же мыйзамдар бузулса мигранттарды мекенине кайтарууга кол кабыш кылат.
Орусияда бир миллиондой тажикстандык иштейт. Ар кыл маалыматтар боюнча алар жөнөткөн акча Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.