Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Жастин Трюдо: Орусия шайлоого кийлигишүүсү мүмкүн


Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо «Орусия жана башка тышкы оюнчулар алдыдагы парламенттик шайлоого кийлигишүүсү мүмкүн» деп кооптонуп турганын билдирди.

«Биз акыркы жылдары тышкы оюнчулар демократиялык процесстерге кийлигишип келгенине күбө болдук. Өлкөгө бүлүк салган өнөктүктөрдүн артында Орусияга окшогон мамлекеттер турары белгилүү болду», - деди Трюдо 5-апрелде Торонтодо өткөн конференцияда.

АКШнын атайын кызматтары жана Евробиримдик Орусияны «АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого кийлигишти» деп айыптаган. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Канадада парламенттик шайлоо ушул жылдын 21-октябрында өтөт. (KR)

XS
SM
MD
LG