5-апрелде Түркиянын Манавгат 2-аймактык соту кыргызстандык Екатерина Четиндин өлүмү боюнча өкүм чыгарды.
Сотто 42 жаштагы түрк жараны Мехмет Четин жеңеси Екатерина Четинди өлтүргөн деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
2018-жылы 27-февралда Анталиянын Манавгат аймагында 34 жаштагы Екатеринанын сөөгү табылган. Екатеринаны кайниси муунтуп өлтүрүп, андан кийин полиция чакырганын жергиликтүү басылмалар жазышкан.
Анталия шаардык прокуратурасы чогулткан далилдерге караганда, келин күйөөсү менен ажырашуу үчүн сотко кайрылган. Бирок сотко бир күн калганда өлтүрүлгөн.
Кыргызстандык Екатерина Четиндин өлүмү Түркияда чоң талкуу жаратып, жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар айыпталуучуну оор жазага тартууну талап кылышкан.
Екатерина Четиндин артында үч баласы калды. (ElB)