Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Муфтият тор соода, пластикалык операция жана эмдөө боюнча чечим чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши 5-апрелде үч фатва (чечим) чыгарды.

Муфтияттын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, №5 фатва менен шариаттын эрежелерине карама-каршы келгендигинен улам түйүндүк маркетингге (тор соодага) тыюу салынды.

Ал эми №6 фатва менен ден соолукка байланышы жок пластикалык операцияларды жасоого да тыюу салынды.

«Тубаса майыптыкты же ар кандай кырсыктардын кесепетинен ‎болгон дененин же дене мүчөлөрүнүн кемчиликтерин жоюу максатында жасалган ‎пластикалык операцияга шариатта жол берилет.‎ Ал эми эч кандай жүйөлүү себеби жок туруп, сулуулук ‎үчүн гана жасалган пластикалык операцияга шариатта тыюу салынган ‎жана арам деп эсептелет», деп жазылат фатвада.

Аалымдар кеңеши №8 фатва менен муфтият «эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактады». (KR)

XS
SM
MD
LG