Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Караколдогу коомдук уюмдун кеңсесинде өрт чыкты


«Спектр» коомдук фондунун кеңсеси.
«Спектр» коомдук фондунун кеңсеси.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан «Спектр» коомдук фондунун кеңсесинде өрт чыкты. Өрт өчүрүү кызматынын баштапкы маалыматына ылайык өрт атайылап коюлган. «Тилсиз жоодон» жабыркагандар жок.

Эки бөлмөлүү кеңседеги буюмдар ар кайсы жерде чачылып жатат. Уюмдун кызматкерлери кеңседе баалуу буюмдар болбогонун, бирок көп жылдан бери топтолуп келген баалуу документтер күйүп кеткенин айтышууда.

Кыйноого каршы коалиция өрттү «Спектр» коомдук фондунун ишине жана жарандык позициясына байланыштырды. Коалиция Ысык-Көл облусунун бийлик өкүлдөрүн бул ишти жакшылап иликтөөгө чакырды.

«Адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барган коммерциялык эмес уюмдар жарандык коомдо чоң роль ойнойт. Андыктан укук коргоочулардын иши мамлекет тарабынан корголушу керек. Мыйзамга ылайык жүргүзүлгөн жарандык активдүүлүк эркин, көз каранды эмес жана ал бийликтин кыянаттык менен пайдалануу коркунучунан оолак болушу керек» деп айтылат коалиция тараткан билдирүүдө. (KR)

XS
SM
MD
LG