7-апрелде 2010-жылдагы апрель окуяларына тогуз жыл болду. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине кайрылды.
«Биз элибиздин эркиндиги, бакубат жашоосу, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн шейит кеткен мекендештерибиздин каармандыгын эч качан унутпайбыз.
2010-жылдын 7-апрелиндеги кайгылуу окуяларда курман болгондордун эрдигине терең таазим этип, алардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында кыргыз элинин адилеттик үчүн күрөшүндө тарыхый мааниге ээ болгон Элдик апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койдум.
Апрель элдик революциясы мыйзамдуулук, бийликтин толук ачыктыгы жана адилеттүүлүгү гана элдин ишенимин кайтарып, коомдун ынтымагын жана биримдигин камсыз кылаарын көрсөттү. Апрель революциясынын идеяларын, максатын турмушка ашыруу — биздин ыйык парзыбыз.
Биздин максатыбыз — өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу, эркин, укуктук жана күчтүү мамлекет кылуу. Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан тайбайт», деп жазылган президенттин кайрылуусунда.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган. (KR)