Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

«Новичок» затына кабылган Роули «орус үгүтүнө» туш болгонун айтты


Чарлз Роули.
Чарлз Роули.

«Новичок» деген нервди шал кылчу затка ууланган британиялык Чарлз Роули Орусиянын Лондондогу элчиси Александр Яковенко менен жолугушууда президент Владимир Путин менен кездешүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Роули жергиликтүү «Mirror» гезитине айтып берди. Ал былтыр жайында Англиянын Солсбери шаарында атырдын бөтөлкөсүнө куюлган уу затты таап алып, сүйлөшкөн кызы Дон Стөржесске берген. Роули 10 күн комада жатып, аман калган, ал эми Дон «Новичокту» өзүнө чачкандан кийин көз жумган.

Бул окуядан 3 ай мурун, мартта орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль кызы экөө сөз болгон зат менен ууландырылган. Британия кол салуунун артында Орусия турарын билдирип жатат, Москва айыптарды четке кагууда.

Роулинин айтымында, элчиликке ал Орусияга сүйлөшкөн кызын эмнеге ууландырганын сураш үчүн барган. Бирок ал орус үгүтүнө гана туш болгонун айтат. «Мага элчи жакты, бирок ал өз өлкөсүн актоого гана аракет кылды, бул абдан күлкүлүү», – деди Роули. «Элчи Москванын Солсберидеги кол салууларга тиешеси жок, Роули орусиялык уу затка кабылган эмес, себеби орусиялык уу «бардыгын жок кылмак» деди», - деп сөзүн аяктады британ жараны.

Элчи Яковенко Путин менен сүйлөшкөндөн кийин ага жооп берерин айтты.

XS
SM
MD
LG