Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Куреши: Индия аскердик чабуулга камынууда


Махмуд Куреши.
Махмуд Куреши.

Пакистандын тышкы иштер министри Махмуд Куреши Индия айдын соңунда анын өлкөсүнө «чабуул коет» деген «чалгындоо кызматынын ишенимдүү маалыматы» бар экенин билдирди. Министр бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешин кабардар кылганын кошумчалады.

7-апрелде Мултан шаарына барган Курешинин айтымында, чабуул 16-20-апрель күндөрү болушу ыктымал. Кайсы маалыматка таянганын ачык айтпаган расмий өкүл Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан муну ачык айтууга макул болгонун тактай кетти.

Индиянын тышкы саясий мекемеси кошуна өлкөнүн мындай билдирүүсүнө азырынча жооп кайтара элек.

14-февралда талаштуу Кашмир аймагында индиялык 40 полиция кызматкери жанкечтинин жардыруусунан курман болгондон бери эки мамлекеттин ортосунда чыңалуу сакталууда. Кол салуу боюнча жоопкерчиликти өзүнө Пакистанда жайгашкан согушкер топ мойнуна алган. Исламабад чабуулга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG