Ирандык депутаттар АКШ Ислам революциясынын сакчылары корпусун террордук топтордун тизмесине киргизсе, тиешелүү жооп кайтарыларын эскертишти. ИРНА мамлекеттик агенттиги жекшембиде кабарлагандай, билдирүүгө 290 мыйзам чыгаруучунун 255и кол коюшкан. АКШнын маалымат булактары жакында Вашингтон Революция сакчыларын чет өлкөлүк террордук уюм деп атоого даярданып жатканын билдиришкен. Буга чейин АКШ башка мамлекеттин аскердик бөлүктөрүнө мындай жарлык эч качан таккан эмес.
5-апрелде "Wall Street Journal" жана "Reuters" америкалык расмий адамдарга шилтеме берип маалымдашкандай, Вашингтон андай кадам тууралуу 8-апрелде жарыялашы ыктымал. Андай мүмкүнчүлүк тууралуу бир нече жылдан бери айтылып келатат. Революция сакчылары корпусуна жакын ондогон компаниялар менен адамдар буга чейин “кара тизмеге” камтылганы менен бүтүндөй уюмга каршы андай чара көрүлө элек болчу.
“Өздөрү Жакынкы Чыгышта террорчуларды пайда кылган жана колдогон Американын жетекчилери мындай кабыл алынгыс жана макоо кадамга өкүнүп калышат", - деп айтылат депутаттардын билдирүүсүндө.
6-апрелде парламенттин Коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасы Хешматолла Фалахтпишех: “Эгер Америка Революция сакчыларын террордук топтордун тизмесине киргизсе, биз ал өлкөнүн аскерлерин “Ислам мамлекети” экстремист уюмунун катарына, террордук уюмдардын кара тизмесине кошобуз”, - деп эскерткен.