Облустук прокуратура Тоң районунун Көк-Мойнок айылында жер мыйзамы бузулганын аныктап, 10 гектар жайыт жерди мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын Тоң райондук башкармалыгынын айрым жооптуу кызматкерлери мамлекетке тийиштүү болгон жайыт жерди «Автовнештранс» жабык акционердик коомунун колдонуусуна мыйзамсыз каттап берген.
Базар баасы боюнча 2 млн. 729 миңге бааланган жер тилкеси Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилди.
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») 2-пункту менен катталды. Документтер тергөө органдарына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Былтыр Башкы прокуратура жерге байланыштуу мыйзам бузуу көп катталганын маалымдаган. Жер сатуу боюнча кылмыш иштеринде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын да аты аталган. (КЕ)