Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Ливиянын баш калаасы Триполи үчүн уруш уланууда


Ливиянын өкмөттүк күчтөрү менен фелдмаршал Халифа Хафтардын кол астындагы улуттук армиянын ортосунда баш калаа Триполи үчүн салгылашуу жекшемби күнү уланды. Аскерлер Триполинин түштүк бөлүгүнө абадан сокку урганы маалымдалууда.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Хафтарды чабуулдан баш тартууга, жаатташкан тараптарды убактылуу жарашуу жарыялап, карапайым элге уруш аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө үндөп жатат.

Өткөн бейшембиде Хафтар аскерлерине эл аралык коомчулук тааныган өкмөт жайгашкан Триполиге карай жылууга буйрук берген. Ошондон бери эки тараптан тең 23 киши, катарында жайкын адамдар окко учканы жекшемби күнү кабарланды. БУУнун маалыматына караганда, жүздөгөн киши жер которууга аргасыз болду. АКШнын Африкадагы куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы Ливиядагы америкалык аскерлер убактылуу чыгарыларын билдирди.

2011-жылы Түндүк Африкадагы бул мамлекет жарандык согуш башталып, жетекчиси Муаммар Каддафини өлтүрүлгөндөн бери өлкөнүн бир бөлүгүн парламент жана Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполини эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG