Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүдө жылыш болгону белгиленди


Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик жыйыны аяктады.
Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик жыйыны аяктады.

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны аяктады.

Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим жетектеген расмий делегациялардын жолугушуусу жабык өтүп, ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Жыйындан кийин Азим Иброхим «Азаттыктын» тажик кызматына чек ара маселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин айтып, жолугушуу жакшы атмосферада өткөнүн белгиледи. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирип, башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Өз кезегинде Жеңиш Разаков да тажик жеринде мейман экенин айтып, сүйлөшүүлөр боюнча комментарий берген жок.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны окко учканын, бир нече адам жабыркаганын кабарлаган. Ал эми кыргыз тараптан үч адамга ок тийген.

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин 18-мартта жаңжалдан соң жабылган Кыргызстандын Ош-Баткен-Исфана, Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жол ачылып, чырга себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолун куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG