Медицина кызматкерлери билдиргендей, Йемендин баш калаасы Санада 7-апрелдеги абадан урулган соккудан кеминде 11 киши каза болду. Жүздөн ашуун адам жараат алды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Юсеф аль-Хадрий шаардын калк жайгашкан аймагындагы үйдү жана мектепти жардыруу учурунда өлгөндөрдүн көбү студенттер экенин кабарлады.
Коалиция бул аймакта кандайдыр бир иш-чара өткөрүлгөнүн четке кагууда.
Йемендеги жаңжал 2014-жылдан бери уланып келет. Хусит козголоңчулары менен эл аралык коомчулук тааныган президент Абд Раббу Мансур Хадинин тарапташтарынын ортосундагы кагылышуулар башталганы өлкөдө «Ислам мамлекети», «Аль-Каида» сыяктуу экстремисттик топтордун да аракеттери күч алган. Учурда баш калаа Сана хуситтердин, ал эми Аден шаары өкмөттүк күчтөрдүн колунда. 2015-жылдан берки жарандык согуштан 10 миңдей адам набыт болду.