Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасы жана Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак аймакты кыдыруунун алкагында Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандан өкүлчүлүгү кабарлады.
8-9-апрель күндөрү боло турган сапарында Лайчак президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушмакчы. Анда ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланат. Мындан сырткары Лайчак аталган уюмдун Кыргызстанда иштегенине 20 жыл болгонуна байланыштуу уюштурулган иш-чарага катышат.
Кыргызстан ЕККУга 1992-жылдан тартып кирген, уюмдун Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму - дүйнөдөгү 57 өлкөнүн башын кошкон эл аралык уюм. Анын курамына Европа, Түндүк Америка жана Борбор Азия өлкөлөрү кирет. (КЕ)