Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:48

Орусияда мурдагы жетекчи Эрмитаждагы алдамчылык боюнча айыпталууда


Орусиянын маданият министринин мурдагы орун басары Григорий Пирумов.
Орусиянын маданият министринин мурдагы орун басары Григорий Пирумов.

Орусиянын маданият министринин мурдагы орун басары Григорий Пирумов кылмыштуу топ түзгөн деп айыпталууда. ТАССтын маалыматына караганда, мурдагы аткаминер Эрмитаждын бир объектистин курууга бөлүнгөн 450 млн. рублди алдамчылык жол менен уурдап алган деп айыпталууда.

Бул Пирумовго козголгон экинчи кылмыш иши. Буга чейин 2016-жылы ал мамлекеттик каражатты уурдаган деп айыпталып, 1,5 жылга түрмөгө кесилген. Ал маданий мурастарга кирген имараттарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө бөлгөн каражатка кол салган деп күнөөлөнгөн. Ишти тергөө маалында убактылуу кармоо жайында отурган мөөнөтү эске алынып, сот залынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG