Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Курманбек Бакиев тууралуу даректүү тасма тартылды


Курманбек Бакиев, Минск, 2-март, 2017-жыл.
Курманбек Бакиев, Минск, 2-март, 2017-жыл.

2010-жылы өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиев тууралуу даректүү тасма тартылды. Тасма август айында чыгаарын мурдагы президенттин тууганы «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматка караганда, анда Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн дарегине айтылган сөздөргө жооп берилет.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башында турган бийлик ыңкылап жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.

Апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмыш үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракетинен эмгиче майнап чыга элек.

АКШ менен Кыргызстан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол койгон. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттын суммасы 250-300 млн. долларга бааланганын «Азаттыктагы» маегинде билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG