Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Сыдыков: Султановдун АФКга көрсөтүлгөн талапкерлиги өзүм билемдик болгон


Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

Семетей Султановдун Азия футбол конфедерациясынын (АФК) вице-президенттигине талапкер болушу Кыргызстандын Футбол федерациясынын аткаруу комитети менен макулдашылган эмес. Андыктан аткаруу комитети анын талапкерлигин чакыртып алганын федерациянын баш катчысы Медер Сыдыков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Султанов өз талапкерлигин Футбол федерациясын башкарып турганда койгон.

- 6-декабрга чейин Семетей Султановдун талапкерлиги көрсөтүлгөн, бирок аткаруу комитети менен макулдашылган эмес. Өзү кол коюп, мен кол коюп жөнөткөнбүз. Өзүм билемдик кылып, чечип койгонбуз, ачыгын айтканда. Бул аткаруу комитетине жаккан эмес. Бирок унчукпай, «берип коюпсуңар, мейли» деп макул болушкан. 7-январда Семетей Султанов кызматтан кеткенден соң «Федерацияга тиешеси жок кишинин талапкер кылуунун кажети барбы?» – деген суроо жаралып, аткаруу комитети 19-марттагы маселени карап, анын талапкерлигин чакыртып алды, - деди Медер Сыдыков. Ал мында саясат жок экенин кошумчалады.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов өткөн жумада «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазып, Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы чакыртып алганын айткан жана мындай чечим ага күтүүсүз болгонун билдирген.

«Азаттык» Султанов менен байланышкан учурда федерациядан ага эч кандай түшүндүрмө бериле элек экенин, алардын расмий жообуна карап маалымат каражаттары менен ой бөлүшөрүн белгиледи.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Федерациянын жетекчилигинен 2019-жылдын 7-январында кеткен. Ал бул кызматка 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган.

6-апрелде Малайзияда Азия футбол конфедерациясынын президенти, вице-президенти жана аткаруучу комитетинин мүчөлөрү тандалды. 29-шайлоо конгрессине чөлкөмдөгү мамлекеттердин ассоциациялары катышып, конфедерациянын президенттигине Бахрейнден Шейх Салман ибн Ибрагим Ал-Халафа кайра шайланды. Вице-президенттери болуп, Катар, Иран, Пакистан, Мьянма жана Монголия сунуш кылган талапкерлер тандалды. (SE)

XS
SM
MD
LG