Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Акыйкатчы Мамытов Суталиновду абактан бошотууну суранды


Акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотууга чакырды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Токон Мамытовдун дарегине Мурат Суталиновдон арыз түшкөн. Анда бөйрөк рагына чалдыкканына байланыштуу ден соолугу начарлаганы, бирок буга карабай Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев мыйзамсыз чечим кабыл алганы айтылган.

Арыз менен таанышып көрүп, Токон Мамытов Жогорку сотко, Бишкек шаардык сотунун төрагаларына Суталиновдун ишин адилет кароо менен аны абактан бошотууга чакырды.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Анын адвокаттары Суталиновду «өсмө (рак) оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткени» жөнүндө дарыгерлердин корутундусуна таянып, абактан чыгарууну соттон өтүнүшкөн. 15-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Мурат Суталиновду абакта калтырган. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG