9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 17…19,
Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° жылуу болот. (BkA)