Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Каракол-Эңилчек жолундагы кар көчкүдө эки киши жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол-Эңилчек жолундагы кар көчкү техникалык каражаттарды басып калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жол чарба департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди. Анын айтымында, 7-апрелде Ак-Суу районунун Эңилчек айылына кетчү жолдо кар көчкүнү тазалап жаткан учурда саат 16:45 чамасында болжол менен 30 миң кубдан ашык көлөмдө кар көчүп, №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин автоунаасын тоодон ылдый кулатып кеткен, андан тышкары Б10 үлгүсүндөгү тракторду көөмп калган. Кырсыкта №11 жол тейлөө мекемесинин башчысы жана жол кызматкери жеңил жаракат алышты.

Көчкү Каракол-Эңилчек жолунун 82-чакырымында түшкөн. Буга байланыштуу эки күнгө өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Кошумча техника 8-апрелде жеткирилип, тазалоо иштери жүрүп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG