Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Вашингтон Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм деп тааныды


Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жоокерлери. Тегеран. 22-сентябрь, 2018-жыл.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жоокерлери. Тегеран. 22-сентябрь, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ирандагы таасирдүү Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныганын 8-апрелде билдирди. Мамлекет башчынын билдирүүсүндө «Иран террордук ишмердүүлүктү колдогону үчүн Вашингтон Тегеранга каржылык басым жасоону улантары» айтылат.

«Биринчи жолу Кошмо Штаттар башка бир өкмөттүн бир бөлүгүн террордук уюм катары атады. Бул Ирандын аракеттери башка мамлекеттердикинен кыйла айырмаланарын көрсөтүп турат», - деди Трамп.

Айрымдар мындай кадам кас мамиледеги чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүн АКШнын куралдуу күчтөрүн жана чалгын кызматтарын да террордук уюм деп таанууга түртүшү мүмкүн экенин эскертип жатышат.

7-апрелде америкалык басма сөз каражаттары Трамптын мындай ниети тууралуу жазып чыгышканда, бул кабарды Ирандын бийлиги ачуулануу менен кабыл алды.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кол башчысы Мохаммед Али Жафари бул «акылсыз чечим» Батыш Азиядагы америкалык аскерлердин коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.

Мурдараак Ирандын депутаттары АКШга каршы жооп иретинде чара көрүлөрүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG