«Кесип кербени» 9-25-апрелде республиканын бардык облустарындагы мектеп-интернаттарга барат. Окууну аяктап жаткан класстардын окуучулары кесиптик багыт алуу боюнча психологдор атайын иштеп чыккан уникалдуу тренингдерден өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Анда Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында билим алуу жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эсепке алуу менен карьераны өнүктүрүү боюнча талкуу өтөт.
Долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин (www.aha.kg) билимдик ресурс командасы менен бирге Европа Биримдигинин каржылоосу менен ишке ашууда.
Европа Биримдиги Кыргызстанга мектептерде инновацияларды жайылтууну көздөгөн реформалар, куррикулумду модернизациялоо, мугалимдерди даярдоонун сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү үчүн 29,375 миллион евро берген.