Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Өнөр жай тармагынын абалы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети өлкөдөгү өнөр жай секторунун азыркы абылын жана келечегин талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, соңку жагдай туурасында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов баяндама жасайт.

Февралдын башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Осмонбетовго сөгүш жарыялап, анын орун басарлары Азизбек Ороков менен Сүйүнтбек Аликеевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошоткон.

Өкмөт башчы өлкөнүн байлыгын элдин жана өлкө экономикасынын кызыкчылыгында пайдаланыш үчүн иштин жаңы механизмдерин таап чыгууга өзгөчө кылдат мамиле кылууга чакырган.

Осмонбетов бул кызматка былтыр октябрда дайындалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG