Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

Салык төлөбөгөндөрдүн банктагы эсеби жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы салык карызын өндүрүү иштерин күчөтүү максатында апрель ичи «Салык карызын азайтабыз!» аттуу бир айлык жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында субъектилерден салык карызы мажбурлап өндүрүлөт. Андан тышкары, козголгон кылмыш иштери боюнча да салыктар жыйналат.

Карыздарга байланыштуу материалдар сотко өткөрүлөт, салык төлөөчүнүн мүлкүнө каттоо жүргүзүлүп, алыш-бериш эсебине салыктык төлөм талаптары коюлат, банктардагы эсептер жабылат. Карызкор мекемелердин жетекчилери жана башкы эсепчилери административдик айыпка тартылат. (SE)

XS
SM
MD
LG