Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Ноокенде жети жаштагы баланын үрөй учурган өлүмү иликтенип жатат


Кылмышка шектүү жаран бала көмүлгөн жерге алып бараткан учур.
Кылмышка шектүү жаран бала көмүлгөн жерге алып бараткан учур.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Масы айылында 7 жаштагы баланы өлтүрдү деп шек саналган жарандын үстүнөн тергөө жүрүп жатат.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын башчысы Азамат Төрөканов «Азаттыкка» билдиргендей, 5-апрелде баласы дайынсыз жоголгонун айтып, айыл тургуну милицияга кайрылган. Белгисиз адам баласынын өмүрү үчүн анын үй-бүлөсүнөн ири суммадагы акча талап кылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.

Ал баланы муунтуп өлтүрүп, талаага көөмп койгонун айткан жана өлүк көмүлгөн жерди күч органдарынын кызматкерлерине көрсөткөн.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү менен маркумдун атасынын ортосунда аласа-береселери бар. Шектүү ал үй-бүлөнүн курулуш материалдар саткан дүкөнүндө иштеген.

Учурда «Киши өлтүрүү», «Киши уурдоо» беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG