Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Кош жарандыгы бар экени айтылган депутат мандатын тапшырды


Депутаттардын төш белгилери.
Депутаттардын төш белгилери.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган Павел Десятников саламаттыгына байланыштуу мандатын тапшырды. Жакында Интернет булактарында ал Орусиянын да жараны экендиги тууралуу маалыматтар чыккан.

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов «Азаттыкка» билдиргендей, Десятников өз каалоосу менен кетүүгө 4-апрелде арыз жазган.

«Кош жарандуулугу жөнүндө маалыматтар чыккан соң ал аймактык шайлоо комиссиясына чакыртылган, бирок ден соолугуна, иш сапарларына байланыштуу келген эмес. Өз каалоосу менен мандатты тапшыргандыктан, анын жарандыгына байланыштуу маселени комиссия териштирбейт», - деди Маматов.

Шаардык кеңешке «Республика - Ата Журт» партиясынан депутат болуп шайланган Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын да алганы аныкталып, 2018-жылдын декабрында мандаттан ажыратылган.

Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП, «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» фракцияларында 45 депутат бар. Шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында болгон.

XS
SM
MD
LG