Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Кыргыз-чех бизнес форумунда эки документке кол коюлду


Бишкек. Кыргыз-чех форуму. 9-апрель, 2019-жыл.
Бишкек. Кыргыз-чех форуму. 9-апрель, 2019-жыл.

Бишкекте 9-апрелде өткөн кыргыз-чех бизнес форумунда эки документке кол коюлду. Бул тууралуу «Азаттыкка» экономика министри Олег Панкратов билдирди. Кол коюлган өкмөт аралык документке ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы кош салык жоюлат.

Ал эми дагы бир документтин негизинде Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Чехиянын Өнөр жай жана соода министрлиги кызматташат. Ага ылайык, экономикалык өнөктөштүктү арттырууга багытталган жумуш тобу иштей баштайт.

Кыргыз-чех бизнес форумуна Чехиядан келген 30дан ашык ишкер катышты. Мындай форум Бишкекте алтынчы жолу өтүп жатат.

Экономика министри билдиргендей, эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыш солгун. Маселен, соода жүгүртүү 2018-жылы 17,5 миллион гана долларды түзгөн.

Чехиядан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү да бир миллион доллардан ашпайт. Жыйында Кыргызстандык ишкерлер Чехия бизнес кылууда келечеги бар багыт экенин белгилешти. (AlS)

XS
SM
MD
LG