Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Алжир парламенти Бенсалехти утурумдук президенттикке дайындады


Aлжирдин жаңы дайындалган утурумдук президенти Абделкадер Бенсалех.
Aлжирдин жаңы дайындалган утурумдук президенти Абделкадер Бенсалех.

Алжир парламенти 9-апрелде Абделкадер Бенсалехти утурумдук президенттикке дайындады. 77 жаштагы Бенсалех 16 жылдан бери парламенттин жогорку палатасына төрагалык кылып келген. Алжирдин Конситуциясына ылайык, утурумдук президент 90 күндүн ичинде шайлоо өткөрүшү керек. Бирок ал өзү добуш берүүгө катышуу укугунан ажыратылган.

Парламенттин чечимине каршы өлкөнүн бир катар шаарларында нааразылык акциялары өттү. Демонстранттар утурумдук президентти мурдагы элитанын өкүлү деп эсептешет.

Алжирдин мурдагы президенти 82 жаштагы Абделазиз Бутефлика бир нече жумага созулган каршылык акцияларынан кийин 3-апрелде кызматын тапшырган. 1999-жылдан бери бийликте турган Бутфеликанын кызматтан кетишин жүз миңдеген демонстранттар талап кылып көчөлөргө чыгышкан.

Бир нече жыл мурун катуу ооруга кабылган Бутефлика көптөн бери эл алдына көп чыкпай калган.

XS
SM
MD
LG