Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Стамалиева президенттин тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарды


Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева кийинки убакта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде айтылган кептерге жооп кайтарып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таарынычы, мурдагы жана азыркы президенттердин пикир келишпестиги эмнеден чыкканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Стамалиеванын баамында, Атамбаев менен Жээнбековдун пикир келишпестиги инаугурациядан алты күндөн кийин эле башталган. Пикир келишпестикке 2017-жылы Минскиде өткөн ЖККУнун жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу себеп болгон.

«Экс-президент мени 2017-жылдын 10-ноябрында аппараттын жаңы бөлүм башчысы катары кабыл алганда, «Минскидеги жолугушууда эки тараптуу жолугушуу өткөрүп кереги жок» деп насаатын айтты. «Эч кимге жүгүнбөш керек» деп баса белгилеп, коңшу өлкөнүн жетекчилери менен мамиле түзүүдөгү өз тажрыйбасынан бөлүштү... Кийинчерээк тышкы иштер саясатын жетектеген бөлүм башчы аркылуу да «Минскиде эч ким менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү зарылчылыгы жок» деп айттырды», - деп жазган Стамалиева.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 30-ноябрында Минскиде өткөн ЖККУнун саммитинин алкагында Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды талкуулаган.

«Жаңы президенттин ушундай кадамдарын экс-президент бара-бара «саткындык» деп баалай баштады...», - деп жазды Стамалиева.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 6-апрелде КСДПнын курултайынан кийин экс-президент тууралуу кабыл алынган мыйзамга карата пикирин билдирген. Анда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн курултайдын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турарын белгилеп, «саткындарга кошулбайбыз» деп айткан. (КЕ)

Апрель окуяларын эскерүүдөгү ажырым
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

XS
SM
MD
LG