Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Өмүрбек Бабанов: Өз ыктыярым менен келем


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келе турганын НТС телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал президенттик шайлоодон кийин бийликтин талабы менен партиялаштарына жана тарапташтарына куугунтук болгон үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Бабановдун айтымында, мындай талап президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмияновдун иш бөлмөсүндө айтылган.

- Мен Кыргызстанга келсем толкуп турган эл чыгып, жабыркап калмак, - деди ал. - Мен өз убадамды аткардым. Мен Атамбаев менен да, Жээнбеков менен да сүйлөшкөн жокмун. Менин жакындарым азыркы президент менен сүйлөшүп жатышты... Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын убагында жана КСДП курултайы, талаш-тартыш күчөп турган учурда келбейт болчумун. Ушул жума бүткөн соң жакында барам. Мен өз ыктыярым менен келем, мени камап, бул үчүн мамлекеттик акчаны жумшап, кайтарып эмне кылат? Мен качпайм. Бирок камайбыз десе, бүгүнкү бийлик өздөрү чечим кабыл алат.

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин инвестиция тартууга даяр экенин билдирди.

Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG