Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Баткендеги окуучулар кептөөр менен сенекке эмдөө алган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде ооруканага кайрылган окуучулар кептөөр менен сенекке каршы пландалган эмдөөдөн өтүшкөн. Жалпысынан 74 окуучу эмделип, анын 12си ооруканага кайрылган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, окуучулардын өзүн жаман сезишине вакцина эмес, дүрбөлөңгө түшүп, ийнеден коркуп калышканы себеп болгон.

- 5-класстын окуучуларына түштөн кийин эмдөө жасалган экен. Чарчап, бир аз ачка болуп турган балдарды бир бөлмөгө киргизип вакцина сайышкан. Ошол учурда эки-үч бала коркуп, дүрбөлөңгө түшүп ыйлай баштаган. Муну да биз реакция деп эсептейбиз. Анткени корккондо калтырак басат. Кан басымы көтөрүлүп кеткен. Ошондон кийин төрт баланы ооруканага жаткырышкан, - деди ал.

9-апрелде Баткен шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери №3 мектептин окуучуларын кезектеги эмдөөдөн өткөргөн. 15 окуучу эмдөөдөн кийин ооруканага кайрылып, төртөө жаткырылганын ата-энелер билдиришкен. Учурда бир окуучу жандандыруу бөлүмүндө.

Дарыгерлер тобу абалды иликтеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG