Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Өмүркулов: КСДП коалициядан чыкпайт


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу ниети жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып фракция лидери Иса Өмүркулов айтты:

- Партиянын бир бөлүкчөсү оппозиция боло турган болсо, буга мыйзам жол берет. Фракцияда чечтик, коалицияда калабыз, коалициялык көпчүлүктө болобуз, иштейбиз.

Ага чейин Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев парламенттеги азыркы башкаруучу коалиция таркашы керек деген пикирин айткан. Ал жаңы түзүлө турган коалицияга КСДПдан башка фракциялар кириши зарыл экенин белгилеген. Муну депутат иштеп жаткан коалициянын курамын өзгөртүүгө мыйзам жол бербей турганы, эгер өзгөрүү болсо башкаруучу көпчүлүк жаңыдан түзүлүшү керек экендиги менен негиздеген. Масалиев азыркы коалицияга былтыр «Республика - Ата Журт» кошулушун да мыйзамсыз деп баалаган.

Өмүркулов «Республика - Ата Журт» коалицияга кошулганына мыйзам каршы эмес экенин, «кошулууга болбойт» деген жазуу жок экенин жүйө келтирүүдө.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта. (RK)

XS
SM
MD
LG