Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Масалиев: Экстин мүнөзүн билебиз, дүрбөлөң уюштурууга толук шарты бар (видео)


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери «дүрбөлөң уюштурушу толук мүмкүн» деп эсептейт. Бүгүн, 10-апрелде Масалиев парламенттин борбордук трибунасынан ушундай билдирүү жасады:

- Эгер кайсы бир жараныбыз өзүнүн саясий көз карашы менен бийликке каршы күрөш жарыяласа, бийлик ойлонушу керек, мүмкүнчүлүк болсо анын маселесин чечкенге аракет кылышы зарыл. Бирок экс-президент, долларлык миллионер болуп калган адам, Жогорку Кеңеште эң чоң фракциясы бар партиянын лидери бийликке каршы күрөш баштаса, «оппозицияны бириктирем» деп жарыяласа, анда коомчулукта такыр башкача абал пайда болот. Ал кишинин айылы, тууган-уруктары борборубузга жакын жайгашса дүрбөлөң уюштурууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Экстин мүнөзүн баарыбыз билебиз.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

Быйыл 7-апрелде 2010-жылдагы апрель окуяларын эскерүү маалында ал укук коргоо органдарына жана өлкө башчысына кайрылып, «талаптар аткарылбаса, эки айдан кийин ири митинг уюштура турганын» айткан:

- Булар «Атамбаев революция кылат» деп ойлоп жатат. Революцияны бийлик кылат. Эл айла жок барат. Эл деген сел.

Апрель окуяларын эскерүүдөгү ажырым
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

Ошол эле күнү КСДП резолюция кабыл алган. Анда «биз президент С.Ш.Жээнбеков каталарды моюнга алып, аларды тезинен оңдоого эрки жетет деп үмүттөнөбүз. Эки айдан кийин биз кайрадан митингге чогулабыз жана реалдуу натыйжалар болбосо мындан да масштабдуу иш-чараларды уюштурабыз» деп жазылган.

Жээнбеков буга чейин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Атамбаев аны башкарууга аракет кылганын айтып, бул таптакыр туура эмес экендигин белгилеген.

«Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Ал мени «досум», «партиялашым» деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт», - деп айткан Жээнбеков. (RK)

XS
SM
MD
LG