Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон негизги кылмыш ишине байланыштуу сот жараяны өтүп жатат.
Кабарчыбыздын айтымында, сот залына видеокамералар киргизилген жок, журналисттер кире баштады. Ошондой эле соттолуучулардын тарапкерлеринин көбү да сыртта калды. Сот өкүлдөрү муну жыйындар залынын тардыгы менен түшүндүрүүдө.
Тергөө ЖЭБди жаңылаш үчүн Кытайдан алынган 386 миллион долларды колдонууда коррупцияга жол берилген деп эсептейт.
Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасында мурдагы аткаминерлердин жоон тобу: мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков, экс-министрлер Осмонбек Артыбаев жана Ольга Лаврова, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов бар. (SE)