Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Президент Суу кодексине жана «Суу жөнүндө» өзгөртүлгөн мыйзамга кол койду


Киров суу сактагычы. Талас облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик аппарат маалымдагандай, өзгөртүлгөн мыйзамдын максаты - суу пайдалануу үчүн акы төлөө маселесин жөнгө салуу. Мурунку мыйзамда «суу жаратылыш ресурсу катары пайдаланылганы үчүн акы алынат» деп жазылып турганы менен анын тартиби жана шарттары, суу пайдалануучулар ала турган жеңилдиктер аныкталган эмес. Жаңыртылган мыйзамга ылайык суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы алуунун тартибин өкмөт аныктайт.

Суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер жана уюмдар бошотулат.

Ошондой эле сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, белгиленген лимиттин чегинде балык көбөйтүү жана өстүрүү максатында пайдаланууда, үй жаныбарларын жана короо-жай сугарууда, сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик керектөөлөр үчүн пайдаланууда жана башка учурларда пайдалануу үчүн акы төлөнбөйт.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-февралда кабыл алган.

Айыл жана суу чарба министрлиги маалымдагандай, Суу кодексине жана бул мыйзамга кирген жаңы өзгөртүүлөрдөн кийин сууну пайдаланганы үчүн кошуналардан кошумча акы талап кылууга жол ачылмакчы.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы суу сактагычтардан жылына 22 млрд. куб метр суу Өзбекстан менен Казакстанга кетет. Бул суу сактагычтарда чогулган суунун 80 пайыздан ашуунуна барабар. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG