Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Кокондогу коллежде ондогон кыз өз жанына кол салганы айтылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандагы Кокон атайын адистештирилген өнөр жай коллежинде 2018-жылдан бери ондогон окуучу өз өмүрүн кыюуга аракет кылганы айтылууда. Бул тууралуу окуу жайынын жумуштан бошотулган бир нече кызматкери билдирген.

Алар далил катары Кокон шаардык ооруканасынан алынган маалымкаттын көчүрмөсүн «Азаттыктын» өзбек кызматына жөнөтүшкөн.

Маалымкатта 2018-жылы 15-октябрдан 15-ноябрга чейин ал коллежден шаардык ооруканага кайрылган 36 кыздын аты-жөнү, аларга коюлган диагноз жазылган.

36 кыздын ичинен төртөөнүн денесинен темир ийнелер, дагы эки кыздан айнектин сыныктары табылган. Дагы бир нече кыз түрдүү деңгээлде жараат алган.

Коллеждин мурдагы тарбиячыларынын бири төрт кыздын денесине ийнелер кантип киргенин мындайча эскерди:

- Так күнүн айта албайм, бирок ноябрь айында болгон. Үч кыз коллежден качып кеткен. Алардын кармап, изоляторго камашкан. Ал жерде кыздар ичине кийим тигүүчү ийнелерди сайып киргизишкен. Мен өзүм «Тез жардам» чакыргам.

Ал окуучулар жаңы жетекчиге каршы чыгып, тарбиячылардын жумуштан бошотулушуна нааразы болуп жүрүшкөнүн кошумчалады.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кокон атайын адистештирилген өнөр жай коллежинде бир да суицид аракети катталбаганын маалымдады. Жумуштан айдалган тарбиячылар окуу жайынын жетекчилиги бул көрүнүштү жашырып-жаап жатат деп эсептешет.

Коллежде 247 өспүрүм кыз билим алат. Аларга жүздөй педагог сабак берет. Коллеждин мурдагы жетекчилиги окуу жайынын аймагында сойкукана уюштурган деп айтыпталган. Өкүм качан чыгары белгисиз.

XS
SM
MD
LG