Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Ошто жаш балдардын жол киресин беш эсе көтөрүү сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык кеңеши 10-апрелдеги отурумунда шаардагы маршруттук каттамдарда мектеп окуучуларынын жол киресин беш эсе көтөрүү боюнча айдоочулардын сунушун карады. Сунушту мэриянын өкүлдөрү отурумга алып чыгышкан. Өкүлдөр мектеп окуучуларынын жол киресин кымбаттатуу боюнча сунушту башка шаарларда жол кире окуучулар үчүн 5-10 сом болуп жатканы менен негиздешти.

Бул сунушка шаар кеңешинин айрым депутаттары менен катар жарандык коом өкүлдөрү да каршы чыгышууда. «Интербилим» уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева окуучулардын жол киресин 1 сомдон 5 сомго кымбаттатуу ансыз да жакыр балдардын көрсөткүчү жагынан алдыда турган Ош шаары үчүн осол иш болууга тийиш деп эсептейт.

- 2013-2017-жылдарда балдардын жакырчылык индекси жалпы өлкөдө 69,9 пайыздан 73,1 пайызга чейин көтөрүлгөн. Мунун ичинен Ош шаарындагы көрсөткүч 72%. Мына ушундай абалда туруп, мэрия балдар үчүн жол кирени беш эсе кымбаттатууну өтүнүп жатат. Мэрия башка шаарлардагы бааларга теңелбей, тескерисинче коомдук транспортто балдарды акысыз ташууга жетишүүгө аракеттенүүгө тийиш. Ансыз деле маршруттук унаа балдарды бир сом үчүн албай кетишет, - дейт Мамасалиева.

Жарандык коом өкүлү шаар жетекчилиги муниципалдык транспорттун санын көбөйтүүгө аракеттенүүсү зарыл деп эсептейт.

Ош шаарындагы коомдук унаада мектеп окуучуларынын жол киреси 1 сом. Жол кирени 3-5 сомго чыгарып берүүнү айдоочулар буга чейин да бир нече ирет мэриядан талап кылышкан.

Шаардык кеңеш мурунку отурумунда мэриянын сунушун артка кайтарып, окуучулардын жол киресин беш эсе эмес, азыраак кымбаттатуунун жолдорун карап көрүүнү тапшырган. (MdN)

XS
SM
MD
LG