Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Баткен: Эмдөөдөн өткөн балдардын абалы жакшы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кечээ, 9-апрелде Баткен шаарындагы эмдөөдөн кийин ооруканага түшкөн балдардын абалы канааттандыраарлык. Учурда алардын бирөө гана ооруканада. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилген.

10-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова ооруканадагы баланын абалынан кабар алып, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Эмдөө 11 жаштагы 73 окуучуга жүргүзүлүп, анын ону эмдөөдөн соң өздөрүн жаман сезип, ооруканага түшкөн. Учурда алардын бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул окуя боюнча медициналык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги балдардын эмдөөдөн кийин өздөрүн жаман сезишине алардын коркуп калганы себеп болушу ыктымал экенин билдирген. (JsA)

XS
SM
MD
LG