Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:34

Каракол-Эңилчек жолунда автоунаалардын жүрүшүнө чектөө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-апрель күнү Каракол-Эңилчек автоунаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, саат 19.40 чамасында жол ачылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жол чарба департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди. Анын айтымында, кар көчкүнүн астында калган трактор чыгарылган.

- Бүгүн жолду кардан толугу менен тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Жолго чектөөгө киргизилди. Себеби, Каракол-Эңилчек жолунун 84-чакырымында дагы эле кар көчкү коркунучу бар. Ошондуктан элдин коопсуздугу үчүн автоунаалар таңкы саат бештен күндүзгү он бирге чейинки гана убакытта кое берилип, андан кийин токтотулуп атат, - деди ал.

7-апрелде Ак-Суу районунун Эңилчек айылына кетчү жолдо кар көчкүнү тазалап жаткан учурда саат 16:45 чамасында болжол менен 30 миң кубдан ашык көлөмдө кар көчүп, №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин автоунаасын тоодон ылдый кулатып кеткен, андан тышкары Б10 үлгүсүндөгү тракторду көөмп калган. Кырсыкта №11 жол тейлөө мекемесинин башчысы жана жол кызматкери жеңил жаракат алышкан.

Көчкү Каракол-Эңилчек жолунун 82-чакырымында түшкөн. Буга байланыштуу эки күнгө өзгөчө кырдаал абалы киргизилген болчу. (AsM)

XS
SM
MD
LG