Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Жаңы Зеландия жарым автоматтык куралдын бардык түрүнө тыюу салды


Крайстчөрчтүн теракт болгон аймагы. 15-март, 2019-жыл.
Крайстчөрчтүн теракт болгон аймагы. 15-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландияда жарым автоматтык куралдардын бардык түрүнө тыюу салууну парламенттин 119 мүчөсү колдоп, бирөө каршы болду. Эми документти өлкөнүн генерал-губернатору жума соңунда жактырган соң күчүнө кирет.

Учурда Жаңы Зеландиянын жарандарынын колунда бир жарым миллиондой курал бар. Эми алар атайын анкета толтуруп, куралдарын өткөрүп берүү боюнча 30-сентябрга чейин полиция менен байланышууга тийиш.

Премьер-министр курал ээлерине кенемте төлөп берүүгө убада берди. Өкмөттүн эсебинде, буга бюджеттен 100-200 миллион доллар сарпталат. Элден чогултулган курал-жабдыктын баары жок кылынат. Мыйзам күчүнө киргенден кийин куралдын мындай түрлөрүн полицияга өткөрүп бербей койгондор беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

15-мартта аскер кийимчен, беткапчан адам мечитке жума намазга чогулгандарга туш келди ок чыгарган. Кандуу калабада 50 адам курман болуп, ондогон адамдар жаракат алган. Бул окуядан кийин Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн жарым автомат куралдарга тыюу салууну сунуштаган. 10-апрелде ал парламентте атайын кайрылуу жасады:

- Элүү адам өлтүрүлдү жана алар үн ката алышпайт. Биз бүгүн алардын добушубуз жана биз бул добуштарды акылдуулук менен колдондук деп эсептейм.

Эки мечитке чабуул койгон адам экстремисттик көз караштагы Брентон Таррант аттуу австралиялык жаран экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG