Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

«Коопсуз шаар»: 70тен ашуун камера орнотулду


Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.
Бишкек шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун трассаларына 70тен ашуун аппараттык комплекс орнотулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Ал 2-фазада коюлган камералардын иштебей турган себебин түшүндүрдү:

- Жол-жобо боюнча биз өткөрүп алуу актысын жасашыбыз керек. Бул боюнча комиссия чогулган, эки күн кыдырып кабыл алышат. Ошондон кийин маалыматтарды берүүгө жол берилет. Техникалык маселелердин баары бүткөн. Долбоорду ишке ашыруу график боюнча жүрүп жатат. 3-4-фазалардыкы 30-апрелге чейин монтаждалып бүтөт.

«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

Долбоор ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 44,4% азайганын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG