Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Помпео: Трамп Иранга кысым көрсөтө берет


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга кысым көрсөтө берет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди:

- Мен баарына айтып коеюн, президент Трамп Иран Ислам Республикасына болгон кысымды алар мамилесин өзгөртмөйүнчө күчөтө берет.

Ошол эле учурда башкы дипломат Ирандын күйүүчү майын импорттогон өлкөлөр тууралуу үн каткан жок.

8-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Ирандагы таасирдүү Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет элдик террордук уюм катары тааныганын жарыялаган.

Мамлекет башчынын билдирүүсүндө «Иран террордук ишмердүүлүктү колдогону үчүн Вашингтон Тегеранга каржылык басым кылууну улантары» айтылат.

Ирандын президенти Хасан Роухани Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүү тууралуу Кошмо Штаттардын чечимин айыптады.

9-апрелде кайрылуусунда Роухани Вашингтондун бул кадамын «катачылык» деп атап, Кошмо Штаттарды «дүйнөлүк терроризмдин чыныгы лидери» деп атаган.

XS
SM
MD
LG