Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

Жээнбеков: Элди көчөгө чыгарам дегендер жаңылышат (видео)

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушу тапта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатат.

Мамлекет башчысы: «Тоскоолдуктар аз эмес. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда», деп билдирди.

Ал: «Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Баса белгилеп айтып кетейин, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт», деп айтты.

Ошону менен катар президент: «Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат» деди.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева катышууда. (EBM)

​
XS
SM
MD
LG