Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

«Коопсуз шаар»: Жалпы өлкөгө 314 көзөмөл камералары орнотулат


Бишкек.
Бишкек.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жалпы өлкө боюнча 314 көзөмөл камера-комплекстери орнотулат. Бул тууралуу 11-апрелде Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоордун экинчи баскычын ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Өкмөттүн чечими менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелерин жана техникалык иштерин бекитүү боюнча атайын жумуш тобу түзүлгөн.

«12-майга чейин биринчи баскычта камтылган бардык 110 көзөмөл камера-комплекстери орнотулуп бүтмөкчү», - деди Шатемиров.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычында Кыргызстандын жети облусу, республикалык маанидеги эки, облустук жана райондук маанидеги 15 шаар жана 73 калктуу аймак камтылат.

Долбоор 2019-жылдын аягына чейин республиканын бардык аймагында иштей баштайт. Анын негизинде беш жылда бюджетке 20 миллиард сомдой каражат түшөрү күтүлүп жатат.

«Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Анын алкагында көчөлөрдүн кесилиштерине камералар орнотулууда. Долбоорду «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

Долбоор ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандар өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда 44,4% азайганын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өкмөттүн жыйынында билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG